Акылбек Жапаровдун Москвага иш сапары болду
2024-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары болуп өттү.
Визиттин алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, Кыргыз-Россия Өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуулар болду.
Бул жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кыргыз-орус кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү пландарын белгилешип, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча «синхрондук байкоо жүргүзүп», Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын жана 11-аймактар аралык кыргыз-орус конференциясынын датасын макулдашышты.