Акылбек Жапаров жумуш сапар менен Исламабад шаарына барды

 Акылбек Жапаров жумуш сапар менен Исламабад шаарына барды

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапар менен Пакистандын Исламабад шаарына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Минкаб башчысы иш сапардын биринчи күнүндө Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф менен, ошондой Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ал эми эртең, 2024-жылдын 16-октябрында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат.

Связанный пост