Акылбек Жапаров ЖККУнун башкы катчысын кабыл алды

 Акылбек Жапаров ЖККУнун башкы катчысын кабыл алды

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда аймактык коопсуздук маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Башчысы ЖККУнун калыптануу жана өнүктүрүү мезгилинде коопсуздук жаатындагы эл аралык регионалдык уюмдардын тутумундагы ролу байкаларлык бекемделип, жогорулагандыгын белгиледи, ошол эле учурда Акылбек Жапаров маектешине жакында Тажикстандын Кыргызстандын аймагына аскерий басып кириши жөнүндө маалымат берди.

“Тажик тараптын кол салуусунун натыйжасында Кыргызстандын Баткен облусунун чек арага жакын айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилер талкаланган. Тактап айтканда, 12 мектеп, 11 бала бакча жабыркап, 612 үй дээрлик толугу менен күйүп кеткен. Кыргызстандын 63 карапайым жана аскер кызматчысы, 198 адам жарадар болуп, 142 миңден ашык адам эвакуацияланды”, – деп баса белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, Кыргызстан бардык маселелерди тынчтык жолу менен гана чечүүнүн тарапкери болуп келген, болуп келет жана боло берет.

“Бул биздин өзгөрүлгүс позициябыз. Бирок биз аймактык бүтүндүгүбүзгө жана эгемендүүлүгүбүзгө кол салууга жол бербейбиз. Бизге башка бирөөнүн жери керек эмес, бирок өзүбүздүкүн бербейбиз. Тажик тараптын мындай мыйзамсыз жана деструктивдүү иш-аракеттери биздин жалпы уюмдун беделине шек келтирет», – деп билдирди Акылбек Жапаров жана Кыргызстандын жарандык коому Уюмдун алкагында куралдуу кагылышуулар болгондо, кандай жамааттык коопсуздукту талкуулоого болот деген суроо негиздүү болуп жатканын кошумчалады.

“Мүчө мамлекеттер менен кагылышуулар болуп жатат”, – деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Өз кезегинде, Станислав Зась кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы акыркы окуяларга байланыштуу көңүл айтып, мындан ары мындай кайгылуу окуялар кайталанбашы керектигин белгиледи.

ЖККУнун башкы катчысы кыргыз тараптын маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө так көңүл бургандыгын жогору баалайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Станислав Зась Акылбек Жапаровго Арменияда өтүүсү пландалып жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Связанный пост