Акылбек Жапаров стандартташтыруу жана метрология тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 Акылбек Жапаров стандартташтыруу жана метрология тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров стандартташтыруу жана метрология тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо төмөндөгүдөй айтылат: 

«Урматтуу стандартташтыруу жана метрология тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.

Быйыл биз буга катар дагы бир маанилүү окуяны – Кыргызстандарттын негизделгендигинин 95 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Бүгүнкү күндө стандартташтыруу жана метрология тармагындагы адистердин иши жаңы технологияларды киргизүүдө, инновациялык жана жогорку технологиялык продукцияны иштеп чыгууну жана өндүрүүнү стимулдаштырууда жана алардын коопсуздугун жогорулатууда, экономиканын үзгүлтүксүз өнүгүшүн камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.

Стандартташтыруунун жана метрологиянын эл аралык маанисин баалабай коюу мүмкүн эмес. Өлкөлөр ортосундагы ийгиликтүү соода-экономикалык мамилелер үчүн улуттук продукциялар эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык келиши керек. Технологиянын эч бир тармагы технологиялык процесстерди аныктоочу кабыл алынган өлчөө системасы жок жашай албайт.

Сиздердин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар чоң жетишкендик болуп саналат.

«Кыргызстандарт» мындан ары да республиканын калкынын бакубаттуулугун жогорулатуу максатында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин интеграциясын өнүктүрүүгө активдүү катыша берерине ишенем.

Сиздердин жогорку кесипкөй жана чыгармачыл эмгегиңиздер, ишке берилгендик менен мамиле кылгандыгыңыздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем!

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубатчылык, чыгармачыл ийгиликтерди жана алдыга койгон бардык максаттардын ишке ашуусун каалайм.

Связанный пост