Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык өнүктүрүү деңгээлин жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга кошкон салымдары үчүн жарандарга сыйлыктарды тапшырды

“Жаңы кадам” социалдык мобилизациялоо боюнча Бүткүл республикалык кеңешмеге катышуунун алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык өнүктүрүү деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга кошкон салымы үчүн жарандарга сыйлыктарды тапшырды.

Алар Министрлер Кабинетинин Ардак Грамоталары жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алкыштары менен сыйланышты.

МинКаб башчысы Социалдык контракт программасынын ийгиликтүү жана натыйжалуулугун белгилеп, анын алкагында быйыл 20 миң үй-бүлө камтылаарын белгиледи. Бул максаттарга республикалык бюджеттен 2 миллиард сом каралган.

“Бүгүнкү күндө “Социалдык контракт” программасынын алкагындагы долбоорлордун 65%ы кирешелүү. Миңге жакын үй-бүлө 20 миң сомдон ашык киреше алса, анын ичинде бизнеси ийгиликтүү деп табылган 70ке жакын үй-бүлө 40 миң сомдон ашык киреше табат. Айына 90 миң сом алган үй-бүлөлөр да бар», – деди ал.

Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин ар кандай тармактар боюнча жүргүзүп жаткан иштерине токтолуп, өлкөнүн ИДПсы 1 триллиондон ашканын, өсүү темпи жогору бойдон калып жатканын баса белгиледи. Республикада жүздөгөн мектептер, ондогон балдар бакчалары курулуп, пайдаланууга берилүүдө.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Социалдык контракт программасынын катышуучуларына ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, долбоорлорду мындан ары өнүктүрүүдө чоң ийгиликтерди каалады.

Связанный пост