Акылбек Жапаров шайлоо процессинин жүрүшүндө модернизацияланган жабдуулар менен таанышты

 Акылбек Жапаров шайлоо процессинин жүрүшүндө модернизацияланган жабдуулар менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго шайлоо процессинин жүрүшүндө шайлоочулардын катышуусунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында каралып жаткан модернизацияланган идентификациялык жабдуулар, электрондук жана аралыктан добуш берүү системалары прензентацияланды.

 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, учурда добуш берүү жабдууларын жана шайлоону электрондук башкаруу программаларын жакшыртуу жана жаңыртуу боюнча уюштуруу, ошондой эле даярдык көрүү иштери башталды.

 

Анын айтымында, бул жабдуулар көп компоненттүү идентификациялык жабдууларды алмаштырат. Бул ыкма 2023-жылдын апрель жана октябрь айларында сыналган, атап айтканда, электрондук жана аралыктан добуш берүү жүргүзүлгөн.

 

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров идентификациялык жабдууларды, электрондук жана аралыктан добуш берүү системасын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул шайлоо процессинин сапатын камсыз кылат, ошондой эле жарандардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин кошумчалады.

Связанный пост