Акылбек Жапаров расмий сапар менен Россияга келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров расмий сапар менен Россиянын Москва шаарына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

 

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаровду “Внуково 2” эл аралык аэропортунан РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

 

Аэропортто Кыргызстан жана Россиянын желектери илинип, ардактуу кароол тизилди.

 

Өз ара саламдашуудан кийин эки мамлекеттин гимндери жаңырып, ардактуу кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү.

 

Минкаб төрагасы расмий сапарынын алкагында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

 

Ошондой эле расмий сапардын жүрүшүндө КР министрлер кабинети менен РФ өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар жана кеңейтилген маданий программалар уюштурулат.

 

Расмий делегациянын курамында КР министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик агенттиктердин директорлору бар.

Связанный пост