Акылбек Жапаров Президенттик Администрациянын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттик Администрациянын кызматкерлери бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге үлгү болушу керектигин белгиледи.

 

“Мен Өкмөт Аппаратына жаш инспектор катары келип, мамлекеттик кызматтын бардык этаптарынан өттүм, ар бириңиздер келечекте мамлекеттик органды гана эмес, өлкөнү жетектөөгө татыктуу болосуздар деп ишенем. Президенттик Администрация – бул чоң “турмуш мектеби”. Биз Президентибиздин командасы катары өлкөнү алдыга гана жылдырышыбыз керек. Ал – таза ойлор жана талыкпаган эмгек менен гана болот”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

 

Соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы жемиштүү эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Связанный пост