Акылбек Жапаров Ош шаарына унаалардын жана 100 даана автобустун ачкычын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэриясына оор техникалардын, жеңил унаалардын жана автобустардын ачкычын тапшырды.

Белгилей кетсек, 100 даана автобус Ош шаарынын мэриясынын Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине берилди. Автобустар Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу сатып алынган. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташууда коомдук транспорт жетишсиз болуп келген, жаңы алынган автобустар маселени жөнгө салууга өбөлгө түзөт.  Жаңы автобустар 25 орунга ылайыкталган, сыйымдуулугу 56 адам.

Ошондой эле, шаардын ички жолдорун жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясынын Жолдор муниципалдык ишканасы үчүн сатып алынган оор техникалар тапшырылды.

Мындан тышкары жол кыймылын көзөмөлдөөнү жана жол коопсуздугун алдын алуу максатында жеңил унаалар Ош шаарынын мэриясына берилди.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров унаалардын ачкычтарын тапшырып жатып, өзгөчө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн, Министрлер Кабинети Кыргызстанда коомдук автоунаа маселесин чечүүнүн үстүндө ар дайым иш алып бараанын билдирди.

Связанный пост