Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын алдына бир катар милдеттерди койду

 Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын алдына бир катар милдеттерди койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган коллегиясын катышты.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы фискалдык органдын алдына төмөндөгүдөй бир катар милдеттерди койду:

– салыктарды ашыкча төлөнгөн салыктын суммасын азайтып жана салык карызы (недоимка) боюнча иш чараларды күчөтүш керек;
– социалдык-экономикалык чөйрөдөгү маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн зарыл болгон көлөмдө салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууну камсыз кылуу зарыл;
– салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун бардык элементтерин толук жана сапаттуу ишке киргизүүнү аяктап көмүскө экономиканы азайтып жана контрабандалык продукцияны ташып келүүгө каршы күрөшүү;
– салык төлөөчүлөрдү натыйжалуу жана сапаттуу тейлөө үчүн Салык кызматынын системаларынын ылдамдыгын жана өндүрүмдүүлүгүн жакшыртууга багытталган IT-инфрастүзүмдөрүн өркүндөтүү;
– салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн электрондук кызматтарды өркүндөтүү жана толуктоо боюнча иштерди жүргүзүү;
– салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн салыктык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу үчүн облустук жана райондук борборлордо Төлөөчүлөрдү тейлөөнүн кошумча борборлорун ачуу;
– салыктык башкаруу процесстеринин натыйжалуулугун, тактыгын жана ачыктыгын жакшыртууга багытталган аналитикалык инструменттерди киргизүү, бул өз кезегинде жыйымдарды көбөйтүүгө жана салыктык жоготууларды кыскартууга өбөлгө түзөт.

Связанный пост