Акылбек Жапаров: Кыргызстан менен Россиянын лидерлери өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү 5 млрд долларга жеткирүү боюнча амбициялуу максат коюшкан

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Ысык-Көл облсунда өтүп жаткан VI кыргыз-орус экономикалык форумуна катышты.

 

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы заманбап шарттарда дүйнөлүк тартиптин өзгөрүшү жана глобалдык атаандаштыктын күчөшү бардык өлкөлөр үчүн чакырыктарды да, мүмкүнчүлүктөрдү да түзүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул коогалаңдуу реалдуулукта Кыргыз Республикасы тышкы кыйынчылыктарга карабастан олуттуу прогрессти көрсөтүүдө.

 

“Биздин ИДП 2023-жылы 1 триллион 229 миллиард сомго жетти, 2021-жылдан бери мамлекеттин кирешелери эки эсеге көбөйүп, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшыруусу уланууда. Бул өлкөбүздүн экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө жана модернизациялоого багытталган координацияланган ишинин натыйжасы. Мындай шарттарда бир нерсе өзгөрүүсүз калууда: Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз бойдон калууда жана болуп кала берет, аны менен бизди экономикалык кызыкчылыктар гана эмес, ошондой эле көп кылымдык маданий, тарыхый жана социалдык байланыштар да байланыштырып турат. Биздин өнүгүү багыттарыбыз Экономикалык кызматташтыктын 2022-2026-жылдарга өкмөттөр аралык программасында так көрсөтүлгөн. Азыр биздин байланыштарды бекемдөө гана эмес, кыйынчылыктарды биргелешип жеңүү жана жаңы горизонтторду ачуу үчүн ырааттуу жана чечкиндүү иш-аракет кылуу болуп көрбөгөндөй маанилүү”, – деди ал.

 

Акылбек Жапаров соода жүгүртүү Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгынын негизги тиреги экенин белгиледи. 2023-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 3 млрд доллардан ашкан. Эки мамлекеттин башчылары бул көрсөткүчтү 5 млрд долларга жеткирүү боюнча чоң максат коюшкан.

МинКаб Төрагасынын айтымында, бул максаттарга жетүү үчүн: электрондук сооданы өнүктүрүү, ишкерлердин чыгымдарын азайтуу, экспортчуларды колдоо үчүн жаңы финансылык инструменттерди киргизүү, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чек араларындагы айрым тоскоолдуктарды жоюу аркылуу өнөр жай кооперацияларын түзүү менен жаңы жумуш орундарын ачууга мүмкүн болот.

 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын демилгеси менен биздин өлкөлөрдү Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу Каспий деңизиндеги кеме каттамдары аркылуу байланыштыра турган жаңы мультимодалдык транспорттук каттам иштелип чыгууда, ал логистиканы өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү болот жана соода жүгүртүүнү тездетүүгө жардам берет.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө энергетика кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири болуп кала берерин айтып, “Росатом” менен чакан ГЭСтерди, ошондой эле шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду айтып өттү.

 

“Бул долбоорлор энергетикалык коопсуздукту жакшыртууга гана эмес, өлкөбүз үчүн стратегиялык артыкчылыктуу энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү тездетүүгө жардам берет. Мен Россияга Кыргызстанды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем. Газ тармагы да андан кем эмес мааниге ээ. Чалдыбар ЖЭБин жана кубаттуулугу 500 МВт Кара-Кече ЖЭБин куруу сыяктуу ири энергетикалык долбоорлор боюнча ишти активдештирүүнү пландап жатабыз, бул биздин өлкөбүздү керектүү энергетикалык ресурстар менен камсыз кылып, өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Биздин алдыбызда олуттуу милдеттер турат жана аларды биргелешкен күч-аракет менен гана чече алабыз”, – деп сөзүн жыйынтыктаган Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, бул форум кыргыз-орус мамилелерин чыңдоо жана тереңдетүү боюнча бирдиктүү позициянын ырастоосу катары кызмат кылаарын кошумчалады.

 

Форумдун алкагында МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров жана жана Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук өнөр жай товарларынын көргөзмөсүнө барышты.

Связанный пост