Акылбек Жапаров: Кыргызстан инвесторлор үчүн өз ара пайдалуу кызматташууга ачык

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын Мюнхен шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-герман бизнес-форумунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Ал белгилегендей, акыркы бир жыл ичинде Гамбургда өткөн биринчи кыргыз-герман бизнес-форумунан бери Кыргызстан менен Германиянын мамилеси чыңдалып, кызматташууну тереңдетүүгө эки тараптын кызыкчылыгы пайда болду.

“Биз эл аралык өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууга ачык, таптакыр жаңы Кыргызстанды курууну каалайбыз”, – деген Акылбек Жапаров герман ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууну карап чыгууга жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча амбициялуу пландарды ишке ашырууга катышууга чакырды.

Ошондой эле ал кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүнүн оң динамикасын белгилеп, Кыргызстанда коомдук турмуштун дээрлик бардык чөйрөлөрүн, анын ичинде экономиканы камтыган терең реформалар жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Андан ары ал министрлер кабинетинин ишинин төрт принцибине токтолду:

  • Жоопкерчилик принциби: жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат жана элдин тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алууга чечкиндүүлүк реформалардын башталышы болуп калды;
  • Командада иштөө принциби: Өкмөттүн ийгилигин жакшы координацияланган командалык ишсиз элестетүү кыйын;
  • Натыйжалуулуктун жана чыгармачылыктын принциби: Эгерде эффективдүүлүк мыйзам ченемдүү болсо, анда чыгармачылык – азыркы эле мезгилдин өзү;
  • Мамлекеттик прагматизм принциби: Алгач элдин жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары биринчи планга коюлат, ал үч бөлүктөн турат – аймактын бөлүнбөстүгү, элдин биримдиги жана салык төлөө.

Акылбек Жапаров Кыргызстанда өнөр жайды жандандыруу жана жаңы өндүрүштөрдү түзүү үчүн квалификациялуу кадрлар керек экенине токтолуп, өлкөдө заманбап экономикада талап кылынган багыттар боюнча адистерди даярдоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Минкаб төрагасы Кыргызстанда экономиканын түрдүү тармактарында – соода, өнөр жай, айыл чарба, туризм, энергетика, билим берүү жана тейлөө тармактарында 180ден ашык биргелешкен кыргыз-герман ишканалары иштеп жатканын эске салды.

Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикасын көтөрүү жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция керек экенин белгиледи.

“Биздин Президент бир нече жыл мурда инвесторлорго таптакыр жаңы мамилени түзүүнү жарыялаган. Биз талаштуу жагдайларда, биринчи кезекте, тескерисинче, далилденгенге чейин “Инвестор ар дайым туура” деген түшүнүктү карманабыз”, – деди Жапаров.

Ал ошондой эле жаңы инвестициялык саясатты колдоо максатында инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес чөйрөсүн түзүүгө, анын ичинде менчикти коргоого багытталган ченемдик-укуктук актылардын комплекси кабыл алынганын кошумчалады.

“Инвесторлор өлкө жетекчилигине жана министрлер кабинетине 24 саат бою күнү-түнү эркин кирип чыга алат”, – деди Акылбек Жапаров.

Сөзүнүн аягында Акылбек Жапаров германиялык ишкерлерди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

“2025-жылдын жайында “Кыргызстанда Германиянын экономика күнүн” өлкөбүздө өткөрүүнү пландап жатабыз. Баарыңыздарды меймандос кыргыз жеринде көргөнүбүзгө кубанычта болобуз. Бул иш-чаранын – “Гамбургдагы, Франкфурт-на-Майнедеги жана Мюнхендеги Кыргызстандын экономика күндөрүнүн” позитивдүү жыйынтыгын чыгаруунун бир түрү болот, бири-бири менен дагы да кызматташуу үчүн жакын болууга жана келечекке коюлган пландарды жеринде сүйлөшүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлөт”, – деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле бул маанилүү иш-чараны уюштурган өнөктөштөргө өзгөчө ыраазычылык билдирди.

“Биздин кыялыбыз – Кыргызстанды туруктуу өнүгүүнүн жана гүлдөп-өнүгүүнүн жолуна алып баруу. Биз бул кыялыбызга жеткенде, эгемендүүлүк алган жылдан бери, оор жана жооптуу учурларда колдоо көрсөтүп келе жаткан герман эли дайым жакын болуп келгендигин сыймыктануу менен айтабыз деп ишенем”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Связанный пост