Акылбек Жапаров иш сапары менен Ереванга барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров иш сапары менен Ереван шаарына (Армения Республикасы) барды.

Звартноц эл аралык аэропортунда Министрлер Кабинетинин башчысын Армениянын вице-премьер-министринин орун басары Мгер Григорян тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.  Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалууда.

Связанный пост