Акылбек Жапаров Франциянын Кыргызстандагы элчиси менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус менен анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолукту.

 

Акылбек Жапаров француз тарапты Парижде жайкы Олимпиада оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктап, бул оюндар Кыргыз Республикасы үчүн тарыхый болуп калганын, Кыргызстандын командасы 6 медаль жеңип алганын белгиледи.

 

Ал эми кыргыз-француз мамилелери боюнча МинКаб Төрагасы эки өлкөнүн конструктивдүү кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн элчиге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле 2023-жылдын аягына карата эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 3,6 эсеге өсүп, 200 млн еврого жеткенин белгиледи.

 

Мындан тышкары, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык чөйрөсүндөгү өз ара кызмматташуусу талкууланды. 2023-окуу жылында Франциянын жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 122 студенттин кабыл алынышы белгиленди, бул билим берүү тармагындагы жемиштүү кызматташуунун мисалы болуп саналат.

 

Өз кезегинде Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгына токтолуп, туризм, энергетика жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты артыкчылыктуу багыт катары белгиледи.

 

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда маданий борборлорду түзүүнүн жана иштөөнүн перспективалары боюнча пикир алышты.

Связанный пост