Акылбек Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлүн кабыл алды

 Акылбек Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлүн кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды.

Минкаб төрагасы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен биргеликте артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүп жатканын белгиледи. Маселен, Ош облусунун 32 калктуу конушун таза суу менен камсыз кылуу максатында жалпы каржылоонун суммасы 60 млн АКШ долларын түзгөн долбоор ишке ашырылат. Мындан тышкары, республиканын ирригациялык системасын жакшыртуу жана медициналык тез жардам унааларын сатып алуу боюнча долбоорлор иштелип чыгууда.

“Пландалган “Арал-Суусамыр унаа жолун реконструкциялоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын эң маанилүү эл аралык транспорт коридорлору делген – Бишкек-Ош жана Түндүк-Түштүк магистралдарын бириктирген 80 чакырымга жакын жолду реконструкциялоо пландаштырылууда. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы республиканын Нарын жана Талас облустарынын, ошондой эле Чүй облусунун алыскы райондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетип, жолдогу убакытты жана чыгымдарды азайтат, ошондой эле өлкөнүн жол коопсуздугун олуттуу жакшыртат”, – деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков биргелешкен долбоорлорду тез арада ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, жемиштүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда гранттык негизде билим берүү мекемелерин куруу боюнча келишимге кол коюу аземи болду. Документке Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков кол койду.

Бул макулдашуу грант берүүнүн тартибин карайт, анын алкагында Евразия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасында 9 билим берүү мекемесин курууну, аларды материалдык-техникалык жактан жабдууну жана Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камсыз кылат.

Связанный пост