Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар объектилерге барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ысык-Ата районундагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.

Анда МинКаб Төрагасы Жээк айыл аймагындагы Биринчи Май айылында капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаткан декадалык (сезондук) жөнгө салуу бассейн менен таанышты. Учурда иштин 65%зы бүткөрүлдү.

Андан кийин Акылбек Жапаров Боз-Бармак айылындагы  башталгыч мектепте болду. Мектеп 90 орунга ылайыкталган.

МинКаб Төрагасы балдардын билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, айыл жерлеринде мектеп инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле жумуш сапарынын алкагында оңдоо иштери жүргүзүлгөн Интернационал — Жар-Башы унаа жолунун абалы менен таанышты.

Связанный пост