Акылбек Жапаров Британиянын элчисин жана Boston Consulting Group компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Кыргыз Республикасындагы Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

 

Жолугушууга Boston Consulting Group (BCG) консалтинг компаниясынын өкүлдөрү да катышты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелери талкууланып, буга чейин жетишилген макулдашууларды жана социалдык-экономикалык чөйрөдөгү долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

 

Тараптар бизнес климатты жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана социалдык демилгелерди ишке ашыруу, анын ичинде инвестицияларды тартуу жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн инновациялык чечимдерди киргизүү сыяктуу тармактарда биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти.

 

BCG өкүлдөрү өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы атаандаштык позициясын бекемдөөгө багытталган стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн пайдалуу боло турган өз сунуштарын жана эл аралык тажрыйбасын көрсөтүштү.

Связанный пост