Акылбек Жапаров бир катар америкалык компания жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир катар америкалык компаниялардын жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

 

Алардын арасында Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин, “Apple Inc.,” технологиялык корпорациясынын, “Pfizer” трансулуттук фармацевтикалык компаниясынын, Франклин университетинин өкүлдөрү бар.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун келечеги талкууланды. Өзгөчө көңүл жогорку технологияларды, санариптештирүү, билим берүү демилгелери, фармацевтика тармагын жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө бурулду.

 

Акылбек Жапаров америкалык компаниялар менен кызматташууну кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана Кыргызстандын жарандары үчүн билим берүү программаларын ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, өлкөнүн экономикасынын түрдүү тармактарына инновацияларды салуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле Apple жана Pfizer сыяктуу дүйнөлүк лидерлер менен өнөктөштүк медицина тармагында алдыңкы технологияларды киргизүү жана инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

“Apple Inc.,” корпорациясынын өкүлдөрү программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар үчүн билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга даяр экендиктерин билдирип, өлкөнүн санарип экономикасындагы бар потенциалды белгилешти.

 

Жолугушууда Кыргызстанда Франклин университетинин кампусун ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Университет медицина, маалымат технологиялары, кибер коопсуздук жана башка багыттар боюнча бакалавр, магистр жана докторантура даражаларын сунуштайт.

 

Америкалык компаниялардын өкүлдөрү дагы терең кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, аймактагы инвестиция жана биргелешкен долбоорлордо олуттуу потенциалды көрүп жатышканын белгилешти.

Связанный пост