Акылбек Жапаров “АгроТехЭкспо — 2024” көргөзмөсү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулган “АгроТехЭкспо — 2024” агротехникалык көргөзмөсүнө жана “Алтын күз” жарманкеси менен таанышты.

 

Минкаб төрагасы айыл чарба техникалары коюлган көргөзмө менен таанышып, көргөзмөнүн катышуучулары, жер семирткичтерди жана үрөөндөрдүн түрүн чыгырган ата мекендик өндүрүүчүлөр менен баарлашты.

 

Акылбек Жапаров өлкө үчүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекет тарабынан айыл чарба тармагына ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

 

Ал ошондой эле “АгроТехЭкспо — 2024” көргөзмөсү Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болуп, ата мекендик өндүрүүчүлөргө акыркы технологиялар менен таанышууга, сапатын жакшыртууга жана айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берээрине ишенимин билдирди.

Связанный пост