Акылбек Жапаров: 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууга кириштик

 Акылбек Жапаров: 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууга кириштик

2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттардын жарымы аткарылды. Биз 2030-жылга чейинки өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууга кириштик. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунда билдирди.

 

“Кыргызстан 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши керек. 2030-жылга чейин 30 млрд долларга жеткен ИДПга жетүү негизги максат болот. Ал үчүн ИДПнын жылдык номиналдык өсүшүн 10-12%деңгээлинде кармап туруу зарыл. Дүйнөлүк банктын классификациясына ылайык, Кыргызстан жан башына ИДП көрсөткүчү боюнча ишенимдүү түрдө көтөрүлүп, 2030-жылга чейин кирешеси ортодон жогору өлкөлөрдүн катарына кирип, азыркы кирешеси ортодон төмөн өлкөнүн абалынан чыгышы мүмкүн. Өнүгүү программасы ушул сандарды эске алуу менен түзүлөт”, – деди Акылбек Жапаров.

Связанный пост