Акылбек Жапаров: Үч жылдын ичинде биз билим берүү мекемелерин куруу боюнча рекорддук деңгээлге жеттик

«Акыркы жылдары капиталдык салымдардын көлөмү кыйла өстү. Эгерде 2020-жылы 24,5 миллиард сом болсо, 2024-жылы дээрлик 4 эсеге өсүп, 92 миллиард сомго жеткен. Анын ичинен 2024-жылы капиталдык курулушка 33,2 млрд сом бөлүндү, бул 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 11 эсеге көп», – деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында.

 

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, 2023-жылы социалдык объектилерге бөлүнгөн 1,5 миллиард сомго 10 оорукана курулган. Ошондой эле, бир сменада 393 адамды кабыл ала турган 32 эмкана курулган.

 

«Билим берүү мекемелерине келсек, үч жылдын ичинде курулуштун рекорддук деңгээлине жетиштик. 2022, 2023 жана 2024-жылдары 320 билим берүү объекти курулган: 268 мектеп жана 52 бала бакча. Салыштыруу үчүн, 1986-жылы 43 мектеп, 2023-жылы 143 мектеп жана 16 бала бакча курулган. 2024-жылы 190 мектепте жана 110 бала бакчада курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Жүз жылдыкка карата 113 мектеп, бала бакча жана социалдык объектилердин курулушу бүткөрүлгөн.

Андан сырткары эки жылдын ичинде үч жаңы айыл курдук. Чек ара жаңжалдарынан кийин Капчыгай жана Достук айылдары калыбына келтирилип, Өзбекстан менен болгон мамлекеттик чек араны чечүүнүн натыйжасында 101 турак-жайлуу жаңы Барак айылы курулду», – дейт Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, Асман шаарын куруу долбооруна 480 миллион доллар каржы булагы табылып, курулуш иштери башталат.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле өкмөт шаарларды өнүктүрүүгө каражат бөлүп жатканын белгиледи. Анын ичинен Жалал-Абадга 2,2 миллиард сом, Караколго 2 миллиард сом, Кара-Балта шаарына 1 миллиард сом, Токмок шаарына 1 миллиард сом, Балыкчыга 300 миллион сом, Таласка 300 миллион сом бөлүнгөн.

 

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүнө токтолгон Акылбек Жапаров уюмдун уставдык капиталы 26,2 миллиард сомго чейин көбөйтүлгөнүн, 2025-жылга дагы 12 миллиард сом каралганын билдирди.

 

«Биз ар бир жарандын турак-жайы болушу үчүн Президенттин кыялын ишке ашырып жатабыз. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 26,2 миллиард сомго чейин көбөйтүлүп, 2025-жылга дагы 12 миллиард сом каралган. Алдыдагы үч жылда Мамлекеттик ипотекалык компания 29 миллиард сом бөлөт, бирок бул каражаттар кайтарылууга тийиш, б.а. компаниянын активдери ушул суммага көбөйөт. Республика боюнча 40 035 батирдин курулушу жүрүп жатат», – деди ал.

Связанный пост