Аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүү улуттук борборунун курулушу уланууда

КР Айыл чарба министри А.Джаныбеков Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жайгашкан ММ “Тоң балык өстүрүү заводунун” базасындагы “Аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүүнүн улуттук борборунун” курулушу менен таанышты.

Долбоор 2022-жылдын 22-октябрында “КР АЧМ менен Корей деңиз институтунун ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө” меморандумдун негизинде ишке ашырылууда. Долбоордун мөөнөтү 2022-жылдын октябрь айынан тарта, 2026-жылдын декабрь айына чейин.

Инфраструктура объекттерди (инкубациялык цехтер, лабораториялар, турак жайлар, ашкана ж.б.) куруу, реконструкциялоо жана техникалык жабдуу пландаштырылууда. Бул борбордо илимий кызматкерлер балык өстүрүү технологиялары боюнча окуу, семинарларды өткөрүүнү пландоодо.

Связанный пост