Аксы РИИБнин жана Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери контрабандага колдоо көрсөткөндүгү үчүн кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагында мал уурулук фактылары көп катталып, коңшу өлкөгө өткөрүү аракеттери көбөйүп кеткендигине байланыштуу КР УКМК чек ара кызматы менен биргеликте Аксы районунун чек ара кызматынын жана ички иштер органдарынын жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө текшерүү иштерин жүргүздү.
Жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жыйынтыгында Аксы РИИБнин жана чек ара заставаларынын жетекчилеринин аткезчиликке катыштыгы бар экендиги тууралуу тактоочу маалыматтар алынды.
Чек ара заставаларынын жайгашкан жерлеринде, Аксы районунун милиция кызматкерлеринин жана айрым жарандардын даректеринде ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында ири суммадагы акча каражаты, контрабандалык товарларды өткөрүп берүү жөнүндө жазуулар, ошондой эле жөнөтүүгө даярдалып турган эл керектөөчү товарлар жана бодо малдар табылды.
Ошондой эле, чек ара кызматынын атайын дрондорун колдонуу менен мүмкүн болгон контрабанда жолдорун текшерүү учурунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган учурда жалпы суммасы 1 миллион 200 миң сомдук 31 коробка тамеки буюмдарын ташып бара жаткан унаа кармалды.
Иликтөөнүн жыйынтыгында Аксы РИИБнин үч кызматкерине, анын ичинде башчысынын орун басары А.И., ошондой эле чек ара кызматынын заставаларынын 3 командирине аткезчиликти уюштуруу жана колдоо кылгандыгы үчүн айып тагылды.
Мындан тышкары, Аксы районунун аймагында контрабанданын мындан аркы өнүгүшүнө жол бербөө жана аны чек ара соодасынын ченемдерине жана стандарттарына ылайык келтирүү максатында, чек арасы аркылуу эл керектөөчү товарларды жана бодо малды/майда малды мыйзамдуу өткөрүү үчүн УКМК тарабынан коңшу Ала-Бука районундагы “Баймак” көзөмөл-өткөрүү пунктунун жөнөкөйлөтүлгөн ишин уюштуруу маселеси көтөрүлүүдө.

Связанный пост