Аксы районунун акими алмашты

 Аксы районунун акими алмашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Сыдыков Замирбек Бейшенович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Саргазаков Максатбек Таштанбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Связанный пост