Аксы район электр тармактар ишканасынын карамагындагы Ринжит, Кызыл-Туу электр тармактары бөлүмү ачылды

Аксы район электр тармактар ишканасынын карамагындагы Ринжит, Кызыл-Туу электр тармактары бөлүмү ачылып пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КРнын Энергетика министрлигинен маалымдашты.
Аксы районунда Ринжит, Кызыл-Туу участкалары мындан 30 жыл мурун, кызматкерлер тарабынан ашар жолу менен курулган. Жыл сайын утурумдук оңдоп-түзөө жумуштары жүргөнү менен, талапка жооп бербей калган. Авариялык абалдагы имаратта жумуш алып баруу кызматкерлер үчүн кооптуу болсо, ал эми абоненттер үчүн ыңгайсыз эле.
Жалал-Абад электр тармактары ишканасы өткөн жылдын иш-планына киргизип, курулуш иштери күздө башталган. Тендерден «Жалал-Абад айыл энерго» ачык акционердик коому утуп, ар бири 1 млн 900 миң сомго бааланган. Имарат 4 бөлмөдөн жана бир холдон турат.
Ачылуу аземине, жергиликтүү бийлик, энергетиктер жана жашоочулар катышты.
Заманбап жабдуулар менен кошо камсыздалды. Ал эми, сыртына коюлуучу тосмо, эшик алдын цементтөө, жана тепкичтерин куруу жумуштарын Аксы РЭТинин кызматкерлери өздөрү жасады.
Аксы району боюнча жалпы 20 829 абонент бар. Анын 18 670и үй-тиричилигине керектөөчүлөр. Ал эми Ринжит участкасында 2528 керектөөчү болсо, Кызыл-Туу участкасында 4000 миңге жакын абонент электр энергиясын алат.
Акыркы 5 жыл аралыгында, Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын карамагында 7 жаңы участка курулуп, ишке берилген.
Үстүбүздөгү жылы дагы Токтогул районунун Торкент айылына, Көк-Арт район электр тармактары ишканасынын Жерге-Тал участкасы курулат.
Кызматкерлерге тиешелүү деңгээлде шарт жаратуу жоопкерчиликти ого бетер күчөтөт жана иштин жүрүшүнө жагымдуу таасир этет.

Связанный пост