Ак-Талаа районунда 2 кабаттуу оорукананын курулуш иши башталды

 Ак-Талаа районунда 2 кабаттуу оорукананын курулуш иши башталды

Бүгүн, 24-майда Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында 20 койкага ылайыкталган, 2 кабаттуу оорукананын курулуш иши башталды. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Буга чейин аталган айылда 1957-жылы ашар жолу менен курулган 5 орундуу оорукана алыскы айыл калкына кызмат көрсөтүп келген. Оорукананын имараты авариялык абалда болгондуктан быйыл республикалык бюджеттен 65,5 миллион сом бөлүнүп берилди. Курулуш “Гигант-Строй” ишканасы тарабынан жүргүзүлөт.

 

Капсула салуу аземине КР Жогорку Кеңешинин депутаты Мурадил Сыдыков, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондун, айылдын тургундары катышты.

Связанный пост