Айылдык кеңештин төрагаларына калктын санына карабай айлык чегерүү сунушталууда

 Айылдык кеңештин төрагаларына калктын санына карабай айлык чегерүү сунушталууда

Айылдык кеңештин төрагаларына калктын санына карабай айлык чегерүү сунушталууда. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин коомчулук менен байланыш бөлүмү маалымдады.

 

Тармактык комитет “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды.

 

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Замирбек Мамасадыков, Нуржигит Кадырбеков, Бактыбек Чойбеков, Нилуфар Алимжанова, Айгүл Айдарова, Нурлан Ражабалиев, Максатбек Сарбагышев, Русланбек Жакышов, Медербек Алиев, Жалолидин Нурбаев, Винера Раимбачаева, Чынгыз Ажибаев жана Надира Нарматова.

 

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Замирбек Мамасадыковдун айтымында мыйзам долбоорунун негизги максаты айылдык кеңештердин айрым төрагаларын айлык акы менен камсыз кылуудагы дискриминациялык нормаларды четтетүү болуп эсептелет.

 

“Аракеттеги редакцияда калкынын саны 20 001ден кем эмес айылдык кеңештердин төрагаларынын кызматына айлык төлөнөт, ал эми калкынын саны 20 001ден төмөн айылдык кеңештин төрагалары коомдук башталышта иштешет жана сессия өткөргөн маалда бир жолу берилүүчү кенемте берилет. «Ошентип, калкынын саны 20 миңге жетпеген 409 айылдык кеңештин жана 10 шаардык кеңештин төрагалары айлык акысы жок иштешет. Айыл аймагындагы калкынын санына карабастан бардык жергиликтүү кеңештердин төрагаларына айлык чектеп берүү сунушталууда”, – деп белгиледи депутат Замирбек Мамасадыков.

 

Талкуунун жүрүшүндө депутат Камила Талиева аталган мыйзам долбоорунун актуалдуулугун белгилеп, ЖӨБ органдары үчүн бирдей шарттарды түзүп берүүнүн зарылдыгына өзгөчө басым жасады. Аны менен бирге административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда бышыктап иштелбеген маселелердин бар экендигине токтолду. Депутат Айбек Алтынбеков айыл өкмөтүндөгү калктын санына жараша айлык чегерүү механизмдерин карап көрүүнү сунуштады.

Связанный пост