“Айыл күнү – 2023” жарманкеси Чоң-Алай районунда белгиленди

Кыргызстандагы “HELVETAS” уюмунун “Бай Алай” программасы, Ага Хан фондусу тарабынан уюштурулган “Айыл күнү – 2023” жарманкеси болуп өттү.

Иш-чарага Щвейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин эл аралык өнөктөшүү жана өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рено Винье, Филиал Ассоциации HELVETAS Swiss Intercooperation ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы директору Анна Элизабет Хелена де Беер, Ага Хан фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Давлатсултон Доргабекова, Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев, жергиликтүү ишкерлер, фермерлер, дыйкандар, бал өндүрүүчүлөр, туристтик тармактын өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр ж.б. катышышты.

​Жарманкеде Щвейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, HELVETAS” уюмунун “Бай Алай” программасы, Ага Хан фондусу тарабынан колдоо көрсөтүлүп жаткан Ош облусунун аймагында тармактар боюнча (кол өнөрчүлүк, туризм, мал чарбасы, аарычылык, айыл базары ж.б.) иштеп жаткан жергиликтүү жаматтардын иш-аракеттерин натыйжалуу жана туруктуу иштеп жаткан долбоорлорду коомчулукка жайылтуу, жамааттарды жаңы жумуш орундары менен түзүү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ийгилик жараткан ишкерлердин өндүргөн продукцияларын тааныштыруу менен коштолду.

​Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Джантаевдин атынан орун басары Эрнист Толтоев жарманкенин катышуучуларын куттуктап, 2014-2023-жылдарда Ош облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан HELVETAS” уюмунун “Бай Алай” программасынын ийгиликтерин белгилеп, жергиликтүү жамааттарды чакан ишкердикке тартууда, алардын кирешелерин көбөйтүүдө, өндүргөн продукцияларын экспортко чыгарууда өзгөчө эмгек жасап жаткандыктарын айтып, мындай мыкты уюшкандыкта өткөрүлгөн жарманкелер дыйкан, фермерлер, жеке ишкерлер арасында тажрыйба бөлүшүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт жарала тургандыгын баса белгиледи.

​Жарманкенин жыйынтыгында уюштуруучуларга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыраазычылык каттарын берип, Алай музыкалуу драма театрынын атайын чыгармачыл тобу тарабынан даярдалган сахналаштырылган көрүнүштү тартуулоо менен жыйынтыкталды.

Связанный пост