“Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоорунун алкагында 3,2 млрд сом насыя берилди

 “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоорунун алкагында 3,2 млрд сом насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген.

2023-жылдын 7-сентябрына карата аталаган Долбоордун алкагында республиканын 7 269 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 264,1 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд. сом суммасын түзүүдө

Связанный пост