Айыл-чарба министрлиги: Күрүч өстүрүү эң кирешелүү багыттардын бири

 Айыл-чарба министрлиги: Күрүч өстүрүү эң кирешелүү багыттардын бири

Күрүч өстүрүү өлкөдөгү эң кирешелүү багыттардын бири. Бул тууралуу Суу русурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Ведомстводон белгилешкендей, ал сууну көп талап кылган дан өсүмдүгү болгондуктан, учурда республикадагы күрүч өстүрүү менен алектенген дыйкандар сугат суусу үчүн гектарына бир сезон үчүн (мурдагыдай биринчи же экинчи сугат үчүн эмес) 7 миң сомдон төлөшөт (бул жарым мүшөк күрүчтүн гана наркына барабар сумма).

Башка өлкөлөрдөгү суунун  баасына салыштырмалуу Кыргызстандагы азыркы  сугат суусунун наркы кыйла эле төмөн. Күрүч кирешелүү өсүмдүк болгонун эске алганда,  учурдагы сугат суусунун баасы өтө деле жогору болуп саналбайт.

Мисалы, бир гектар күрүчтү өстүрүүгө элеттиктер 100 миң сомдон ашыгыраак чыгымга учурашат (жердин ижара акысын кошкондо). Гектарынан орто эсеп менен 38-45 центнер түшүм жыйналып,  андан 2500-3500 тонна  күрүч даярдалат.  1 килограммын  200-250 сомдон саткан учурда, гектарынан 600-700  миң сом чамасында  киреше түшүп,   дыйкан бир гектардан 400-500 миң сом накта  пайда табат. Ошол эле учурда бир мүшөк күрүчтүн баасы 12500 сомго барабар. Ушул бир мүшөктүн гана 60%на жакын наркы суу үчүн коромжу боло турганын эске алганда, күрүч өндүрүү өлкөдө кирешелүү багыт экендигинен кабар берет.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда акыркы 30 жылда күрүчтүн айдоо аянты 5 эсеге көбөйүп жана 2024-жылы 12 200 гектар аянтка күрүч өстүрүлгөн. Ошол эле учурда дүң жыйымы 24,0 эсеге көбөйүп 47,5 – 48 миң тоннаны түзгөн. Ал эми түшүмдүүлүгү гектарына 38-45 центнерди барабар болгон.

Белгилей кетсек, суу – бул баалуу ресурс, ошондуктан республикабыздын бардык күрүч өстүрүүчү дыйкандарына сугат сууну үнөмдүү пайдалануу сунушталат.

Связанный пост