Айыл чарба министрлиги: Быйыл жүзүмдүн түшүмү кыйла жогорулады

 Айыл чарба министрлиги: Быйыл жүзүмдүн түшүмү кыйла жогорулады

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жүзүмчүлүк тармагында оң динамика байкалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ошол эле учурда жалпы түшүм 1 530,2 тоннаны түзүп, былтыркы жылга караганда 18,5 пайызга көбөйдү. Республика боюнча орточо түшүмдүүлүк гектарына 23,2 центнерди түзүп, 2023-жылдагыдан 19,6 пайызга жогорулаган.

Тармакты мындан ары өнүктүрүү максатында 2025-жылдын январь-май айларынын аралыгында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Сербия мамлекетинен 60 миң даана сапаттуу жүзүм көчөтүн алып келген. Көчөттөр тиешелүү карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөн өткөрүлүп, вируссуз жана техникалык сорттордун негизинде тандалып алынган.

Мындан тышкары, Лейлек районунда жүзүмчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган бир катар демилгелер ишке ашырылууда. Жаңы-Жер айыл аймагында “Достук Кадырбек” айыл чарба кооперативи аватар сорту боюнча көчөт өндүрүүдө, ал эми “Элдик түшүм Жаңы-Жер” кооперативи кишмиш сортуна адистешкен.

Райондо аватар, маникюр фингер жана кишмиш сортторунун көчөттөрүн өстүрүүгө багытталган жаңы питомник да уюштурулууда.

Бул иш-аракеттер жүзүмчүлүк тармагын өнүктүрүүгө жана дыйкандарды сапаттуу отургузуучу материалдар менен камсыз кылууга багытталган.

Связанный пост