Айдоочуларга аманчылык тилеген ооз ачар уюштурулду

Айдоочуларга аманчылык тилеген ооз ачар уюштурулду. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Бишкек шаарынын Батыш автобекетинде өлкөнүн жети областына жүргүнчүлөрдү ташыган такси жана Өзбекстан, Казакстан, башка эл аралык каттамдарга каттаган автобустардын айдоочуларын бир түндүккө топтоп, ынтымакка, биримдикке чакырып, кечки ооз ачар тамагын уюштурду.

Бул ифтарлыкка айдоочулар менен биргеликте жүргүнчү жарандар менен жалпысынан 500гө жакын адам чогулуп, Бишкек шаарынын казысы катышты. ЖКККББ тарабынан айдоочуларга жол эрежелерин түшүндүрүү жана жол эрежелерин сактоо боюнча даярдалган атайын буклеттер таратылды.

Көпчүлүк айдоочулар учурдан пайдаланып, ЖКККББнын жетекчисине каттам учурундагы болгон көйгөйлөрдү айтышып, мындай иш чара айдоочулар менен кызматкарлердин ортосундагы мамилени чыңдоого, эл арасында милицияга болгон ишенимди жогорулатарын белгилешти. Бул ынтымак ооз ачурууну уюштургандарга жана жардам берген ыктыярчы жарандарга терең ыраазычылыгын билдиришти.

Связанный пост