Айбек Молдогазиев АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту
Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2023-жылдын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктарын карап чыгып, 2024-жылга карата кийинки пландарын белгилешти.
Мындан тышкары, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, “С5+1” форматындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.