Airbus A321 учагын 2027-жылдын аягында алып келүү пландалууда
Кыргызстан 10 «Airbus» лайнерин жана «Boeing» учактарын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, деп билдирди 27-октябрда радионун эфиринде Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин башчысы Данияр Бостонов.
Анын айтымында, келишимдерге качан кол коюларын айтууга азырынча эрте. «Airbus» менен сүйлөшүүлөр компаниянын президенти Кыргызстанга келгенден бери жүрүп жатат. Анда эки аба кемеси боюнча документке кол коюлган.
«Boeing» менен алдын ала жолугушуу Самаркандда өтүп, ага агенттиктин өкүлү катышкан. Ал тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушуусу учурунда болгон.
Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору эки учагы бар авиакомпания рентабелдүү эмес экенин билдирди. Орто жана узак мөөнөттүү стратегияга «Turkish Airlines» жана башка ташуучулардын флотунун модели сыяктуу эки өндүрүүчүнүн — «Airbus» жана «Boeing» компанияларынын лайнерлерин сатып алуу киргизилген.
Кийинчерээк Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов «Tazabek» редакциясына эки «Airbus» A321 учагы 2027-жылдын аягына чейин жеткирилери күтүлүп жатканын билдирген.