Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Түркмөнстанга барды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Түркмөнстанга келди.
Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат, анда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат.
Мындан тышкары, сапардын алкагында мамлекет жетекчилиги менен жолугушуу күтүлүүдө.