Президент Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын эли менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын активи жана тургундары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы аймактын өнүгүшү, жергиликтүү бюджеттердин өсүшү, инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы жана өнөр жай дараметин калыбына келтирүү боюнча чаралар тууралуу айтып берди.
Тактап айтканда, Ноокен районунун бюджети 2021-жылы 299 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 619 млн сомго жеткен. Райондо капиталдык курулуштун 25 объектисин курууга 2026-жылдын тогуз айына 714 млн сом каралган, анын ичинен 1-октябрга карата 677 млн сом бөлүнгөн.
Ушул эле мезгилде Майлуу-Суу шаарынын бюджети 58,5 млн сомдон 119,3 млн сомго чейин өскөн. Мындан тышкары, республикалык бюджеттен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 11,9 млн сом толук көлөмдө бөлүнгөн.
Президент мунайды кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. «Кыргызнефтегаз» ААКсынын курамына кирген «Кыргыз Петролеум Компани» заводунда ата мекендик мунай продуктуларынын өндүрүшүн көбөйтүүгө багытталган модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Кочкор-Ата шаарында да жылына 450 миң тонна мунай продуктуларын өндүрүү кубаттуулугуна ээ жаңы мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Ишкана ушул жылдын аягына чейин толук кандуу иш режимине өтүп, болжол менен 300 жумуш ордун түзөт деп күтүлүүдө.
Мамлекет башчысы Майлуу-Суу лампа заводунун ишин калыбына келтирүү боюнча чараларга да токтолду. 2022-жылдан бери ишканага колдоо көрсөтүлүп келет. Ал эми Майлуу-Суу индустриалдык паркын түзүү инвестицияларды тартууга, жаңы өндүрүштөрдү ачууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Инфраструктура тармагында акыркы беш жылда Ноокен районунда 44 чакырым жол асфальтталган. 2026-жылы дагы 41 чакырым жолду жаңылоо пландалууда, ал эми Маданият — Майлуу-Суу автожолун оңдоо иштерин 2027-жылы аяктоо каралган.
Райондо жана шаарда социалдык объектилерди куруу жана оңдоо, ошондой эле калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу иштери уланууда. Мындан тышкары, 2026-жылы Ноокен районунун 154 фермерине жалпы суммасы 128 млн сом болгон жеңилдетилген насыялар берилген.
«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда жалпы 12 532 батирге ылайыкталган 15 турак жай комплексинин курулушу жүргүзүлүүдө. Алардын ичинен 990 батир Ноокен районунда, 954 батир Кочкор-Ата шаарында каралган.
Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.17012:53