Адылбек Касымалиев климатты каржылоо жаатындагы Кыргызстандын артыкчылыктарын белгиледи

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Кыргыз Республикасында климаттык каржылоону чыңдоо” конференциясында чыгып сүйлөп, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүдө климаттык демилгелердин өзгөчө ролун баса белгиледи.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү маселелери Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Ал президент Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшү – бул “тез арада жана макулдашылган аракеттерди талап кылган глобалдык чакырык жана Кыргызстан тоолуу өлкө катары бул өзгөрүүлөрдү өзгөчө курч сезип жатканын” бир нече жолу баса белгилегенин эске салды.
Буга байланыштуу өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын долбоорунда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун жана өнүктүрүүнүн векторлорунун бири катары жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Программанын максаттуу багыттарынын бири туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча өлкөнү топ 30 өлкөнүн катарына кошуу болуп саналат.

Ошондой эле ал маалымдагандай, учурда 2029-жылга чейин жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы программасы иштелип чыгууда жана жашыл таксономия киргизилүүдө, ал экологиялык туруктуу долбоорлорду баалоо жана каржылоо үчүн багыт болуп калат.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан Париж келишиминин максаттарын жана 2030-жылга карата парник газдарынын чыгарылышын 44 пайызга кыскартуу боюнча милдеттенмелерди, ошондой эле 2050-жылга карата көмүртектин нейтралдуулугуна умтулууну жактай турганын ырастады.

“Бул максаттарды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн миллиарддаган АКШ доллары менен эсептелген олуттуу каржылоо жана инвестиция талап кылынат. Ошондуктан климатты каржылоо үчүн мамлекеттин, эл аралык өнөктөштөрдүн, каржы институттарынын жана жеке сектордун ресурстарын бириктирүү Министрлер Кабинетинин ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп калууда”, – деп белгиледи ал.

Бул контекстте ал Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун (ККФ) өзгөчө ролун белгилеп, борборду өнүктүрүүнүн үч стратегиялык багытын, атап айтканда долбоордук ишмердүүлүккө, жеке секторду тартуу механизмдерин өнүктүрүүгө жана аймактык кызматташууга басым жасоону белгиледи.
Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев конференция тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасында климаттык каржылоону чыңдоо боюнча натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аянтча болооруна ишенимин билдирди.

Связанный пост