Адылбек Касымалиев Каракол шаарында жана Жети-Өгүз районунда жүрүп жаткан курулуш объекттеринен кабар алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Каракол шаарында жүрүп жаткан курулуш объекттисинен кабар алды.

Анда, “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу максатында Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын маалыматтарына ылайык, жалпы курула турган батирлердин саны 5 112. Бүткөрүү мөөнөтү үч этаптан туруп, ал 2028-жылдын аягына чейин созулат. Ал эми, каржылоо өз нугунда жүрүүдө. Үйлөрдү курууда жогорку сапаттагы материалдар колдонулуп, бардык сейсмикалык коопсуздук талаптары сакталганы айтылат.

Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, мындай долбоор Кыргыз Республикасынын жарандарына жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз турак жай менен камсыздоо максатында ишке ашырылып жатканын билдирди.

Курулуп бүткөн батирлер Мамлекеттик программанын алкагында социалдык, жеңилдетилген жана жеткиликтүү ипотека багыттары боюнча кезекте турган жарандарга берилет. Ошондой эле биргелешкен курулуш механизми менен кезексиз берүү жагы каралган.

Андан соң Жети-Өгүз районунда кыш чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты.

Маалым болгондой, өткөн жылдын жаз мезгилинде башталган курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын күз мезгилине карата бүткөрүү пландалууда. Жалпы инвестициянын көлөмү 6,5 млн доллар.

Завод ишке берилгенден тартып күнүнө 200 миң даанага чейин кыш чыгаруу кубаттуулугу бар. Жергиликтүү тургундар жумуш орундары менен камсыз болот.

Долбоордун максаты — аймактагы курулуш материалдарына болгон суроо-талапты камсыз кылуу, импортту азайтып, жергиликтүү тургундарды туруктуу жумуш орундары менен камсыздоо. Натыйжада, облустагы инфраструктуралык долбоорлорду жергиликтүү продукция менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү менен бирге тышкы инвесторлорго гана эмес, ички инвесторлорго дагы көңүл буруу абдан маанилүү экенин билдирип, ишкерлер үчүн мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо болоорун кошумчалады.

Мындан тышкары, Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө “Ысык-Көл облусунда 2025-2026-жылга өнүгүү чекит долбоорунун” алкагында кеңешме болду. Анда бул долбоорду ишке ашыруу менен Ысык-Көл облусунун инфраструктурасы жакшыртылып, бизнес чөйрөсү өнүгүп, жашоо сапат жогорулап, натыйжада аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошулаары айтылды.

Связанный пост