Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын өнүгүүнү каржылоо боюнча вице-президенти менен жолукту

Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Дүйнөлүк банктын өнүгүүнү каржылоо боюнча вице-президентинин Акихико Нишионун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн негизги аспектилери жана Дүйнөлүк банк менен мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, акыркы үч жылда өлкөнүн экономикасы туруктуу өсүштү жана 2024-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 8,4%ды түздү.

“Министрлер кабинетинин көмүскө экономиканы кыскартуу жана салыктык башкарууну жакшыртуу аракеттеринин аркасында консолидацияланган мамлекеттик бюджет эки эсеге көбөйдү. Бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун жана Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүүгө жагымдуу шарттарды түздү”, – ал.

Ал андан ары Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбооруна токтолду, ал “өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун ачкычы гана болбостон, бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн стратегиялык мааниге ээ”.

“Биз Камбар-Ата ГЭС-1 энергетикалык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү жаатындагы региондук биригүүнүн негизи болуп каларына бекем ишенебиз”, – деди Адылбек Касымалиев.

Ал белгилегендей, Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору менен катар мамлекеттик финансыны башкарууну реформалоого, жеке секторду өнүктүрүүгө жана “жашыл” экономикалык өсүшкө багытталган башка долбоорлор да тыгыз байланышта.

“Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушун аймактык долбоорлор системасынын борбордук звеносу катары кароо энергетикалык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү боюнча бирдиктүү максаттарга жетүү үчүн зарыл”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын вице-президенти Акихико Нишио Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун регионалдык интеграция үчүн маанисин белгилеп, долбоор Борбор Азиядагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана аймактарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенине да токтолду.

Акихико Нишио ошондой эле Кыргызстандын бюджеттик системаны реформалоо боюнча аракеттерин жогору баалап, туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү үчүн бул реформаларды улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Маалымат үчүн: Акихико Нишио — Дүйнөлүк банктын өнүгүүнү каржылоо боюнча вице-президенти болуп саналат, анда ал Банктын ресурстарын стратегиялык мобилизациялоону, анын ичинде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын, ошондой эле ар түрдүү трасттык фонддордун портфелдерди көзөмөлдөйт.

Связанный пост