Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти менен кызматташуунун стратегиялык маселелерин талкуулады

 Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти менен кызматташуунун стратегиялык маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дубайда (БАЭ) өтүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөт Саммитинин алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министрдин орун басары, президенттик иштер министри Шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту.

МинКаб башчысы меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, дүйнөлүк күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча пикир алмашуу үчүн уникалдуу аянтчаны түзгөн эл аралык саммит ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Ал Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мохаммед бин Заид Аль Нахайянга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жылуу сөздөрүн жана ысык саламын жеткирди.

«Кыргыз Республикасы Бириккен Араб Эмираттары менен бардык тармактарда өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө терең кызыкдар. Акыркы төрт жылда эки өлкөнүн мамилеси жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Биздин өлкөлөр ортосундагы достукту чыңдоого Сиздин салымыңыз абдан чоң. Перс булуңундагы өлкөлөрдүн ичинен БАЭ Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөшү болуп саналат. 2024-жылдын январь-ноябрь айларында товар жүгүртүүнүн көлөмү 155 миллион долларды, экспорт 99 миллион долларды, импорт 56 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүчтөрдү мындан да жогорку деңгээлге көтөрсө болот деп эсептейбиз», – деди ал.

Өз кезегинде Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, вице-премьер-министри жана президенттик иштер министри шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтуларын билдирди жана БАЭ эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын негизги аспектилери, анын ичинде экономикалык байланыштарды чыңдоо, инфраструктураны өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Соода-экономикалык, инвестициялык жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөлөрүндө стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар Бишкекте кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги үчүнчү жыйынын, Бишкекте Борбор Азиянын жана Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин форматында инвестициялык форумду өткөрүү маселелерин козгошуп, ошондой эле «Абу-Даби Кыргыз Инвестмент» холдингинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди карашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында маектештер келечектүү багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти.

Связанный пост