Адылбек Касымалиев “Алгакадам” каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышты
Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кадамжай районундагы “Алгакадам” суу каналынын куруунун долбоору менен таанышты.
Анда Адылбек Касымалиевге Кара-Жантак айылындагы 4200 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуу боюнча иштелип чыккан долбоордун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү тааныштырылды, бул айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн кыйла жогорулатууга жана жергиликтүү дыйкандардын экономикалык абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Атап айтканда, каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү, тоннелдердин узундугу жана суу сактагычтардын көлөмү боюнча маселелер каралды.
“Алгакадам” долбоорунун жалпы сметалык баасы 3 млрд 72 млн сомду түзөт, учурда республикалык бюджеттен 650 млн сом бөлүнгөн.
“Алгакадам” коомдук бирикмесинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге учурдагы каналдын абалы жана аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Суу менен камсыздоо системасынын негизги элементи болгон тоннелдердин курулушун аяктоого өзгөчө көңүл бурулду.
Адылбек Касымалиев Баткен облусунун айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун, аймактагы азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуунун жана жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Тиешелүү мамлекеттик органдарга каналдын курулушун өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүгө байланышкан зарыл маселелерди тез арада карап чыгууну тапшырды.