Адылбек Касымалиев Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.
Адылбек Касымалиев кесиптеши Ариповго жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.
“Бүгүнкү өтүп жаткан жолугушуубуз кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоого жана келерки пландарды биргелешип белгилөөгө жакшы мүмкүнчүлүк берет деп ишенем”-деп белгиледи.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет башчыларынын чын ыкластуу жана ишенимдүү мамилелеринин аркасында кыргыз-өзбек мамилелери бийик жана сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи.
Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эки өлкө ортосундагы кызматташтык болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыкканын белгилеп, буга эки мамлекет башчысынын салымын белгиледи.
Мындан сырткары, тараптар эки өлкө ортосундагы экономикалык, транспорттук, суу-энергетикалык, маданий гуманитардык багыттагы кызматташуу боюнча пикир алышты.
Тараптар үстүбүздөгү жылы кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын, Ишкерлер кеңешинин отурумдарын, эки өлкөнүн ректорлорунун форумун, ошондой эле Региондордун башчыларынын Кеңешинин биринчи отурумун үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча макулдашышты.
Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев менен Абдулла Арипов төмөнкү документтерге кол коюшту:
– 2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргызстандын өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Региондор аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протоколуна;
– Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-19-июлунда болуп өткөн Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен практикалык иш-аракеттердин Жол картасына.