«Ачык кабинет»: МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин иш күнүнүн жыйынтыгы

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Ачык кабинет. Жоопкерчилик аймагы» медиадолбооруна катышты. Бир күн бою МинКаб башчысынын биринчи орун басарын алдыңкы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү коштоп жүрдү.

МинКаб башчысынын биринчи орун басары иш графиги «Биринчи радиодогу» түз эфирден башталды, андан кийин «Ынтымак Ордо» имаратында өлкөнүн экономикалык саясатынын артыкчылыктары талкууланган расмий эмес пресс-завтрак болуп өттү. Эртең мененки программанын өзгөчө пункту Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборуна баруу болду. Данияр Амангельдиев журналисттерге борбордун ишин жеке өзү көрсөтүп, социалдык-экономикалык процесстерге санариптик мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн жана аймактардан келип түшкөн маалыматтардын негизинде ыкчам чечимдерди кабыл алуу тутумун көрсөттү.

Күндүн уландысы Чүй облусуна сапар болду, анда МинКаб башчысынын биринчи орун басары журналисттер менен биргеликте «Тулпар Моторс» машина куруу заводунун жана «Сан Органик» мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча жаңы ишкананын иши менен таанышты. Өндүрүштүк линияларды көрүү учурунда Данияр Амангелдиев мындай объектилердин ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүү, жогорку технологиялык өндүрүштөрдү локалдаштыруу жана агроөнөр жай секторунун экспорттук потенциалын чыңдоо үчүн стратегиялык маанисин баса белгиледи.

Программанын кечки бөлүгү башкаруу ишмердүүлүгүнө арналды: медиа өкүлдөрү Президенттин Администрациясындагы эки жумушчу кеңешмеге катышууга мүмкүнчүлүк алышып, мамлекеттик тапшырмаларды талкуулоо жана тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө процессин көрүштү.

Данияр Амангельдиевдин катышуусунда жумушчу марафон Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин («Кабар») подкастында аяктады, анда күндүн жыйынтыктары чыгарылып, республиканын узак мөөнөттүү өнүгүү пландары тууралуу суроолорго жооптор берилди.

Күндүн жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары «Ачык кабинет» форматы коомго аткаруу бийлигинин ишин калыс баалоого гана эмес, мамлекеттик аппараттын алдында турган милдеттердин масштабын түшүнүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.

Связанный пост