Абдулла Арипов ТМУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповду “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу 18-сентябрда Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Связанный пост