А. Касымалиев “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында “Иннопром. Беларусь 2026” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышты.
Алгач, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын, ЕАЭБге байкоочу өлкөлөрдүн жана чакырылган мамлекеттердин делегация башчыларын Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин тосуп алып, сүрөткө түшүү аземинен кийин, биргеликте көргөзмө менен таанышууга өтүштү.
“Иннопром. Беларусь” – бул ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ар кандай өнөр жай тармактарынын өкүлдөрүн, инновациялык компанияларды, инвесторлорду жана мамлекеттик органдарды бириктирген эл аралык өнөр жай көргөзмөсү. Үч күнгө уланган көргөзмөнүн алкагында 20 ишкердик иш-чара уюштурулуп, ага 14 миңден ашуун катышуучу келген.
Жалпы 20 миң чарчы метрден ашык көргөзмө аянтында, Кыргыз Республикасынын дагы улуттук күркөсү орнотулган. Анда өнөр жай тармагында иш жүргүзгөн кыргызстандык 12 компания өздөрүнүн продуктуларын жайгаштырды.
Көргөзмөгө катышкандарга тажрыйба алмашуу, жаңы идеяларды жана технологияларды ишке ашыруу үчүн уникалдуу платформа болду, аны менен катар тармактын актуалдуулугун жогорулатып, өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө ролу бар.
Андан соң, делегация башчылары “Өндүрүштүк-технологиялык кызматташтык: бири бирин толуктоочу өнөктөштүк” аталышындагы пленардык сессия өтүүчү залга өтүштү.
Сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, ЕАЭБ алкагында биргелешкен өндүрүштү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
“Кыргызстан бул өнөктөштүккө кандай позиция менен кирип жатканын кыскача баяндап бергим келет. Экономикабыз жылына жогорку көрсөткүчтөр менен өсүүдө. Өнөктөштөрүбүз үчүн негизги фактор – бул өнүгүп жаткан жана туруктуу экономика. Биз өнөктөштөрүбүз менен биргеликте бүтүндөй аймак үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашыруудабыз. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Биримдик үчүн жаңы түштүк коридорун ачат. Биз Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте Камбар-Ата ГЭС-1ди куруп жатабыз. Мындай долбоорлор техникага жана электр жабдууларына чоң суроо-талапты жаратат жана биз анын олуттуу бөлүгүн Биримдикке мүчө мамлекеттерде өндүрүлүшүн каалайбыз”, — деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.
Ал эми, Кыргызстан менен Беларусь мамлекетин көптөн бери өнөр жай байланыштары бириктирип тураарын айтып биргелешкен өндүрүштүк жетишкендиктерди белгиледи.
“Бишкекте Беларусь технологиясын колдонуу менен көмөкчордондорду курап чыгарган биргелешкен завод ачылган. Бул мисал эки өлкөнүн экономикасы бири-бирин толуктап тураарын көрсөтүп турат. Биздин өнөктөштөр технологияларды жана өнөр жай тажрыйбасын алып келишет, ал эми Кыргызстан өсүп жаткан суроо-талапты, өндүрүш аянтчаларын жана квалификациялуу жумушчу күчүн сунуштайт. Биргелешип, биз ЕАЭБ жана Борбор Азия рыноктору үчүн беш негизги тармакта: машина куроо, электр жабдуулары, курулуш материалдары, фармацевтика жана жеңил өнөр жайында продукцияларды өндүрө алабыз”, — деди Адылбек Касымалиев.
Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021–2026-жылдардагы экономиканын негизги көрсөткүчтөрү тууралуу айтып берди.
“Акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эки эседен ашык өстү, 2021-жылы 4 млрд 24 млн доллар болсо, ал 2025-жылы 9 млрд 14 млн долларга жетти. Үч жыл аралыгында жалпы суммасы 2 млрд долларды түзгөн жана болжол менен 21 миң жумуш ордун камсыз кылган 287 өнөр жай ишканасы ишке киргизилди. Жыл аягына чейин дагы 47 ишкана өз ишин баштаары күтүлүүдө. Кыргызстан инвестициялык климатты жакшыртууга жана ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган ырааттуу саясатты жүргүзөт. Ири масштабдуу долбоорлор үчүн Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен кепилдиктерди жана атайын шарттарды камтыган инвестициялык макулдашууну түзүү каралган. Өлкөлөрүбүздүн потенциалы бизге дымактуу максаттарды коюуга мүмкүндүк берерине терең ишенем”, — деп сөзүн жыйынтыктады.
Пленардык жыйында ошондой эле Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Россия Федерациясынын өкмөт башчылары жана Никарагуа Республикасынын делегация башчысы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринин рынокторуна багытталган өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү үчүн өздөрүнүн өнөр жай тармагында кызматташуунун потенциалы тууралуу айтып беришти.
Жалпысынан тараптар Евразия экономикалык интеграциянын негизги багыттары боюнча мазмундуу баяндама жасашып, бул аянтча ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган жаңы практикалык демилгелерди иштеп чыгууга дем берээрин белгилешти.