Чаткалда кар көчкүнүн астында калгандардын барынын сөөгү табылды

Бүгүн, 19-октябрда таң эрте издөө иштеринин натыйжасында Ак-Сай жайлоосунан изделип жаткан 3 адамдын сөөгү куткаруучулар тарабынан саат 10:30да табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Белгилей кетсек, ӨКМ тарабынан Чаткал районунун алыскы Ак-Сай жайлоосунда кар көчкүнүн астында калышы мүмкүн болгон 6 жаран изделип жаткан.

 

Алардын ичинен 3 адамдын сөөгү кечээ,18-октябрда табылып, тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген. Ал эми бүгүн табылган 3 адамдын сөөгүн куткаруучулар ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүшүүдө.

 

Издөө иштери өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө өттү.

 

Эске салсак, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынан 14 тургун жана бир чет элдик жаран Эндик сейрек кездешүүчү өсүмдүктүн тамырын издөө үчүн тоого чыгып, дайынсыз жоголгон. 16-октябрда ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылып, 6 жаран дайынсыз болуп жаткан.

Связанный пост