Энергетика министри Баткендеги бир катар обьектилердин кышка даярдыгын текшерди

 Энергетика министри Баткендеги бир катар обьектилердин кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткендеги бир катар обьектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын жана жылуулук тармагын текшерди.

 

Ведомстводон билдиришкендей, алгач министр Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров менен биргеликте Сүлүктү шаарындагы тараза көзөмөлдөө пунктуна барып, ташылып жаткан көмүрдүн сапаты, аларды онлайн режиминде көзөмөлдөө, таразага тартуу иштери менен жеринде таанышты. Андан кийин мэр министрди Сүлүктү шаарындагы И.Бектемиров атындагы №8 орто мектептин абалы менен тааныштырды. Таалайбек Ибраев мектептин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын, жылуулук абалын текшерди.

 

Мындан тышкары, энергетика министри облус башчысынын орун басары Тимур Мадияров менен биргеликте Кызыл-Кыя шаарындагы «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын жана отказандардын абалы менен таанышты. Министр шаар мэри Маткалыков Асылбектен күз-кыш мезгилине карата даярдык иштеринин аткарылышы, жылуулук түтүктөрүнүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшү, керектүү жабдуулар менен камсыздалышы, кызматкерлердин айлык маянасы тууралуу маалымат алды. Министр алдыдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн көмүр маселесин көзөмөлгө алуу, кесипкөй жумушчуларды кармап калуу жана отказан, отканаларды тыкыр текшерүүдөн өткөрүү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле ал буга чейинки айрым чечилбей келген маселелерди чечип берерин убадалады.

Сапардын соңунда энергетика министри Таалайбек Ибраев облус башчысы Абдикарим Алимбаев менен жолукту. Жолугушуунун алкагында Баткен облусунун аймагында энергетика тармагы боюнча аткарылган иштер жана жүргүзүлүп жаткан аракеттер боюнча талкуу болду. Облус жетекчиси жашыл энергетика тармагында бир катар жумуштар аткарылып жатканын, инвестициялык форумда күн электр станциясы боюнча инвесторлор менен кол коюлганын билдирди. Мындан тышкары, Зардалыдагы калкты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн президенттин тапшырмасын ишке ашыруу керектигин баса белгиледи.

 

Ал эми Таалайбек Ибраев Зардалыга күн электр станциясын куруу долбоору боюнча эки инвестор менен жолугуу болуп, иш башталып жатканын маалымдады.

Связанный пост