Бишкек – Ош унаа жолу жабылды

 Бишкек – Ош унаа жолу жабылды

Бишкек-Ош унаа жолунун тоолу аймактарында кар калың жаагандыгына байланыштуу “Чычкан”, “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайларында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

Эске салсак, саат 08:30га карата жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлүп жаткан.

 

№9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал тартылып, тазалоо жумушу жүрүүдө. Мындан сырткары, ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.

Связанный пост