Социалдык фонд сентябрда 5267 жаранга пенсия чектеди
Социалдык фонд 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 44 миң 365 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен сентябрь айында 5 миң 267 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1098 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.