Эдил Байсалов Азиядагы кызматташтык боюнча диалогдун алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азиядагы кызматташтык диалогу уюмунун Үчүнчү саммитине катышуунун алкагында бир катар чет элдик делегациялар менен жолугушууларды өткөрдү.

Атап айтканда, Эдил Байсалов Мьянманын вице-премьер-министри Тхан Све, Камбоджанын вице-премьер-министри Ханг Чуоннарон, Непалдын тышкы иштер министри Арзу Рана Деуба, Сингапурдун тышкы иштери боюнча улук мамлекеттик министри, улуттук өнүктүрүү министри Сим Энн Вьетнамдын тышкы иштер министринин орун басары Нгуен Мин Ханг менен жолугушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө түрдүү тармактарда, анын ичинде көп тараптуу форматтардын алкагында – БУУ, DСA ж.б. алкагында эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен аталган мамлекеттердин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, анын ичинде кызмат көрсөтүү жана инвестиция чөйрөсүндө экономикалык келишимдердин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти активдештирүү боюнча макулдашышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары делегация башчыларына Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди. Ал маектештеринен Кыргызстандын талапкерлигин колдоону суранып, эгер шайланып калса, БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги өлкөнүн пландары жана артыкчылыктары боюнча пикир алмашты.

«Тоо күн тартиби» контекстинде Эдил Байсалов Кыргызстандын демилгелерин колдоого, атап айтканда, тоо өнөктөштүгүнүн досторунун тобуна кошулууга үмүттөнөрүн билдирди. Ал ошондой эле БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын жылдык программасында “Тоолор жана Климат” глобалдык диалогун консолидациялоону колдоого чакырды.

Кыргыз делегациясынын башчысы маектештерди 2027-жылы өтө турган “Тоо беш жылдыгынын” жыйынтыгы чыгарыла турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммитине жогорку деңгээлде катышууга чакырды.

Связанный пост